Жогорку Кеңеште Аскер сотун жоюу боюнча маселе талкууланууда. Мындай мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов иштеп чыккан. Анын жүйөсүндө, Аскер соту сот системасында ашыкча түзүм болуп, өтө аз сандагы иштерди карайт. Ал эми бюджеттен бул сотко көп суммадагы каражат каралат. Буга байланыштуу аскер сотту жоюп, судьяларды башка аймактарга жөнөтүү сунушталууда.
Жогорку Сот мындай сунушка макул болуп, аны жоюуну колдогон.
Аскер соту 14 судьядан турат. Ага бюджеттен 23 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Кыргызстанда Аскер соту 50гө жакын ишти карайт.
Бул маселе эки апта мурда да каралып, депутаттар бир пикирге келбегендиктен долбоор кийинкиге жылдырылган.(BkA)