Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Эквадор элчилиги Викиликс башчысынын интернет байланышын үздү


Жулиа Ассанж.
Жулиа Ассанж.

Британиядагы Эквадор элчилиги мындай чечимди АКШдагы президенттик шайлоого анын таасир этүүсүнө каршы чыккандыктан кабыл алды. Викиликс сайты аркылуу АКШнын Демократиялык партиясынын кызматтык адамдарынын ички колдонуудагы электрондук каттары жарыяланып турган. АКШнын чалгын кызматтары ал орус хакерлери тарабынан жасалган деп чыгууда.

Викиликстин негиздөөчүсү Жулиа Ассанж 2012-жылдан бери Лондондо Эквадордун элчилигинде калууга аргасыз болуп келет. Ага Швецияда зордуктоого байланыштуу кылмыш иши козголуп, өткөрүп берүү талабы Британия өкмөтүнө жиберилген. Викиликстин маалыматы боюнча, Ассанж менен байланыш Хиллари Клинтондун Goldman Sachs банкында жекече сүйлөгөндөрү жарыялангандан кийин үзүлдү.

“Эквадор өзүнүн эгемендүү укугун пайдаланып, Британия элчилигинде айрым системалардын интернет менен байланышын чектеди”, деп айтылат Эквадордун тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Эквадордун президенти Рафаэль Корреа “Жалпы дүйнө жана Кошмо Штаттардын жыргалчылыгы үчүн Хилларинин жеңишин каалаймын”, деп өткөн айда билдирген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG