Орус аскерлеринин билдирүүсү боюнча, сокку коалиция тараптан 18-октябрда Алеппого жакын Хасажик айылына урулган. Андан эки үй урап, төрт киши жарадар да болгон. Маалыматта ал кезде бул аймакта Белгияга таандык эки Ф-16 учагы болгонун, ал эми Сирия жана Орусия аба күчтөрү болбогону белгиленген. Белгиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы андай кабарды төгүнгө чыгарууда. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Мария Захарова Москва эл аралык коомчулуктан аба соккусун айыптоону күтүп жатканын билдирди.
Москва 20-октябрда Алепподо жоочулардын жана тынч жарандардын чыгып кетүүсүнө сегиз саат убакыт берерин билдирип, 18-октябрдан тарта аба соккуларын токтотконун жарыялаган. (AiT)