Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Берлинде Украина боюнча саммит болот


Германия канцлери Ангела Меркел
Германия канцлери Ангела Меркел

Анда Сирия маселеси да талкууланышы күтүлүүдө. Германия канцлери Ангела Меркелдин билдирүүсүнө караганда, 19-октябрдагы Берлин саммити Минск келишимин турмушка ашыруунун абалына “чынчыл баа берүү” максатын көздөйт. Бирок саммитте ийгилик болоруна үмүт арткандар аз. Украина президенти Петро Порошенко саммиттен көптү күтпөсүн билдирген. Берлинде Германия, Франция, Орусия жана Украина лидерлери “Норманд форматында” жолугушат. Франция жана Германия лидерлери орус президенти менен өзүнчө Сирия маселесин да сүйлөшөрү кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG