Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Чехияда хакер деп шектелген орус жараны кармалды


Чехияда хакер деп шектелген жаран.
Чехияда хакер деп шектелген жаран.

Чех полициясы кармоону АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен биргелешип жүргүзгөн. Камакка алынган орус жаранынын толук ысымы жарыялана элек.

АКШдагы компьютердик түйүндөргө хакердик кылган деп шектелген орусиялыкты кармоо алдында эл аралык Интерпол ал тууралуу кызыл эскертүү да чыгарганы анык болду.

Шектүүнү АКШга экстрадициялоо маселеси чех сотунун бүтүмүнө жараша чечилет.

Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкери Алексей Колмаков орус жаранын Орусияга өткөрүп берүүнү талап кыла турганын “Интерфакс” агенттигине билдирди.

АКШдагы компьютерлерге хакердик кылган деп шектелген орусиялыктын Чехиядан кармалышы, расмий Вашингтон Орусияны мына ушундай аракеттерге барды деп алгач ирет ачык айыптагандан кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG