Алар үчөө. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты. Ага ылайык, жалпысынан быйылкы жылга чет элдик мигранттар үчүн Кыргызстанда иштөөгө 14 490 орунга квота берилген. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир жарым миңге көп. Миграция кызматынын маалыматы боюнча, иш орундары чет элдик компаниялар тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ири долбоорлорго байланыштуу көбөйтүлгөн. Булардын ичинде түндүк-түштүк жолун куруу, Бишкек ЖЭБнин реконструкциясы жана башка долбоорлор бар.
Чет элдик мигранттар негизинен жол курулуштарында, тоо кен, курулуш, соода-тейлөө, айыл чарба, билим жана саламаттык тармактарында иштешет. Эң көп мигранттар Кытайдан келип иштешет. Андан кийин Түркия, Түштүк Корея, Пакистан турат. Ошондой эле Орусиядан жана Казакстандан келип иштеп жаткан мигранттар да бар. Жалпысынан 109 өлкөнүн жарандары Кыргызстанда иштөөгө укук алышкан. Арасында Европа, Америка, Африка жана башка континенттердин жарандары да бар. Ошол эле учурда Кыргызстанга жакынкы өлкөлөрдөн мыйзамсыз кирген мигранттардын көптүгү да айтылып келет.(ZKo)