Кышка даярдык маселесин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов көтөрүп чыкты. Анын айтуусунда, акыркы күндөрү суук түшкөнүнө карабай бир катар мектептер көмүр менен камсыз болгон эмес. Ошондой эле кийинки жааган кардан Чүй облусунун бир катар райондорунда электр зымдары үзүлүп, тургундар жарыксыз калганын депутат кошумчалады.
Райымкулов өкмөттүн кышка даярдыгын өтө начар деп баалап, бул жаатта тезинен чара көрүүгө чакырды.
Кечээтен бери Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин төмөндөп, кар түштү. Бишкек-Ош жолунун тоону аралап кеткен жерлерин кар басып калгандан улам жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген. Азырынча чектөөлөр алына элек.(BkA)