Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Интернет маселеси боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды


Кыргызстандагы интернеттин баасы жана сапаты боюнча маселелерди чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүү сунушталды. Мындай сунуш менен парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев чыкты. Анын айтымында, өлкөдөгү интернетке байланыштуу маселелер Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш болгон Казакстандын провайдерлери жаратууда. Ал эми бул жаатта тиешелүү мамлекеттик органдар өз ишин жеткиликтүү алып барбай жатканын депутат сынга алды.

"Дүйнөдө интернет байланышы арзандап, айрым өлкөлөрдө акысыз интернетке шарт түзүлүп жаткан Кыргызстанда интернеттин сапаты начарлап, баасы кымбаттап жатканы туура эмес", - деди Акаев.

Буга байланыштуу Жанар Акаев Байланыш жана маалымат технологиялар комитети, Антимонополия агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жумушчу топ түзүп, учурдагы кырдаалды жөнгө салуу, альтернативалуу жолдорду табуу боюнча иш жүргүзүүнү сунуштады.

Казакстандык провайдерлер интернеттин баасы көтөрүлөрү тууралуу кыргызстандык байланыш операторлоруна августтун аягында эле маалымдашкан. Алар муну Орусиядан келген трафик кымбаттаганы менен негиздешкен. Бирок орустар баалар мурунку калыбында, 1 Мб интернет 1 доллар менен сатылып жатканын маалымдашкан. Кыргызстан менен Казакстандын антимонополиялык кызматтары бул маселени талкуулап, баалар мурдагы калыбына келтирилет деген чечимге келишкен. Бирок азырынча ал чечимдин ишке ашуусунан дайын жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG