Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Атамбаев: Конституцияны өзгөртүүнү колдобогондор өлкөгө каршылар


“Газпром” компаниясы курган спорттук комплекстин ачылышында.
“Газпром” компаниясы курган спорттук комплекстин ачылышында.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” компаниясы курган спорттук комплексти ачуу учурунда билдирди. Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандар өлкө келечегин ойлобогондор катары атады:

- Кечээ Бакиев менен отурган. Бүгүн Төрөбаев менен бирге отурат. Конституцияга, өлкөгө каршы кыйкырышууда. Аларга өз чөнтөгүн толтуруш үчүн мандаттан башка эч нерсенин кереги жок, - деди Атамбаев.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү аракети талаш-тартыштарды жаратты.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин парламенттеги беш фракция демилгелеп алып чыгышкан. Бирок долбоордун акыркы редакциясына кол коюудан “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын башчылары баш тартышкан. Алар муну баштапкы сунушталган текст өзгөргөнү менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми оппозициялык «Референдумга-жок» кыймылы 8-октябрда Бишкекте форум өткөрүп, бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырган.

Бийлик референдумду 11-декабрда өткөрүүнү мерчемдеп жатат.(BkA/SDz)

XS
SM
MD
LG