Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Буга аталган кан жолдун 119-120-чакырымдарында жол тайгак болгону себеп болгон. Ошондуктан жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилип, "Сосновка" бекетинен өткөрүлбөй жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги узак жолго чыккан айдоочуларды унааларын техникалык кароодон өткөрүүгө жана керектүү жабдыктарды алууга чакырууда. (BkA)