Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

“Кыргызтелеком” интернетти 30$ сатып алуу боюнча бир жылдык келишимге кол койгон


"Кыргызтелеком" ишканасы.
"Кыргызтелеком" ишканасы.

Мындай маалыматты ЖК депутаты Рыскелди Момбеков 20-октябрда парламенттик отурумда жарыялады. Депутаттын ырасташынча, “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилиги август айында эле казакстандык эки компания менен интернеттин 1 мегабитин 30 доллардан сатып алуу боюнча келерки жылдын 31-июлуна чейинки келишимге кол койгон. Момбеков мындай баадан ишкана үч айда эле жарым миллион доллар чыгашага учураганын белгилеп, бул ишти УКМК иликтөөсү керектигин билдирди.

Ал эми “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилиги буга аргасыздан барганын билдирүүдө. Компаниянын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиев казактар эгер кыргыз тарап интернетти жаңы баа менен сатып албаса, өчүрүп салабыз деп шарт коюшканын билдирүүдө. Эшеналиевдин “Тазабек” порталына айтканы боюнча, “Кыргызтелеком” казактардын шартына көнүп, келишим түзүүгө аргасыз болгон.

Ага ылайык, «Кыргызтелеком» ишканасы казакстандык эки компаниянын ар бири менен 210 миң долларлык келишим түзгөн. Момбековдун колундагы келишимдердин бирине үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда, экинчисине 1-августунда кол коюлган.

Келишим KazTransCom жана Global Kvant Service ишканалары менен түзүлгөн. Ал эми казак провайдерлери Орусиядан интернеттин 1 мегабитин 1 доллардан сатып алары мурдарак жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG