Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Орусияда тажик наристенин өлүмүнө байланыштуу иш жабылды

Тажик активисттеринин Санкт Петербургдагы нааразылык акциясы.
Тажик активисттеринин Санкт Петербургдагы нааразылык акциясы.

Санкт-Петербургдун тергөө комитети иш “курамында кылмыш жоктугуна” байланыштуу жабылганын маалымдады.

Беш айлык Умарали Назаров өткөн жылы 14-ноябрда ата-энеси миграциялык мыйзамдарды бузду деп кармалгандан бир нече сааттан кийин чарчап калган. Аны энесинен бөлүп, өзүнчө алып кетишкен. Орусиянын бийлиги бала ооруканада дем ала албай каза болгонун маалымдашкан. Ата-энеси бала кармалганга чейин куландан соо болгонун бекемдешүүдө.

Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши тажикстандык мигранттардын, укук коргоочулардын жана Тажикстан бийлигинин нааразылыгынан кийин гана козголгон.

XS
SM
MD
LG