Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Кара-Суу районундагы мушташка катышкан салык кызматкери кызматынан бошотулду


Ал мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Мындай чечим этика боюнча комиссиянын отурумунун жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Өткөн аптада түн ичинде Кара-Суу райондук салык башкармалыгынын кызматкери менен Кара-Суу базарынын жумушчусу мушташып кеткен. Салыкчы мас абалында базардын аймагын тазалап жүргөн аялды зордуктоого аракет кылган. Аялына жардамга келген күйөөсү менен салыкчы экөөнүн ортосунда мушташ чыккан.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, кызматкердин мындай жүрүм-туруму мамлекеттик органдын аброюна таасирин тийгизет жана мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт. Буга байланыштуу, мушташып кеткендер элдешип алганына карабастан, салыкчы кызматынан бошотулду деп маалымдайт Мамлекеттик салык кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG