Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, Кубанычбек Кулматов президентке Өнүктүрүү фондунун аткарып жатканы иштери боюнча айтып берди.
Президент фонддун чакан жана орто бизнести колдоо жаатындагы иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында түзүлгөн. Аны түзүү үчүн Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлгөн. Ал өлкөдөгү өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды бермек. Бирок бул жаатта фонд өз ишин жетиштүү деңгээлде аткарбай жатканы боюнча ар кандай сындар айтылып келет.(BkA)