Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Бишкек-Ош жолундагы чектөө алынды

Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Буга чейин аталган кан жолдун 119-120-чакырымдарында жолдун тайгактыгына байланыштуу чектөө киргизилген.

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги узак жолго чыккан айдоочуларды унааларын техникалык кароодон өткөрүүгө жана керектүү жабдыктарды алууга чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG