Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Голландия-Украина эркин соода келишиминин келечеги арсар


Голландиянын премьер-министри Марк Рутте Евробиримдик менен Украина ортосундагы соода келишимине жетишүү кыйын болот деп эсептейт. Апрель айындагы референдумда голландиялыктар макулдашууну четке кагышкан эле. Ага чейин шаркеттин калган өлкөлөрү эркин соода келишимин жактырышкан.

Биримдиктин жетекчилери Руттеге 20-21-октябрдагы саммитке чейин саясий мунаса табууну сунуш кылышкан. Бирок премьер кечээ Брюсселдеги жолугушууда бардык тараптарды канааттандырган орток пикирге келүү оңой эместигин билдирди. Ошол эле маалда ал Голландия парламенти, Украина жана Еврошаркет менен сүйлөшүүлөрдө бул жааттагы аракеттерин улантарын кошумчалады.

Референдумдун жыйынтыктары аткарууга милдеттүү болбогону менен, Рутте добуш берүүчүлөрдүн пикирин урматтоо керектигин айтты. Ал эми украин президенти Петро Порошенко 20-октябрда Голландияда болгон кезинде шаркет мүчөлөрү соода келишимин ратификациялашат деген оптимисттик көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG