Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кочкорлук эне эки наристесин өлтүрүүгө шектелүүдө


Нарындын Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылынын 30 жаштагы тургуну эки жана үч жашар балдарын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Асеков кабарлады. Анын айтуусунда, милицияга Чекилдек айылында эки наристенин чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда алардын энеси кыздары ооруп калгандыктан дары берген соң чарчап калганын билдирген. Бирок тергөө амалдарынын учурунда наристелердин тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Кийинчерээк эне кылмышты моюнуна алып, кыздарын желим баштык менен тумчуктуруп өлтүргөнүн айтып берген. Учурда кылмыштын себептери иликтенүүдө.

Кылмышка шектүү аял күйөөсү менен ажырашып, жалгыз бой жашаган. Келиндин дагы 11 жаштагы кызы бар.(BkA/MiK)

XS
SM
MD
LG