Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:00

Өзгөндө айыл чарба техникаларын тейлөөчү станция ишке кирди


Бул мамлекеттик МТСтерди ачуу тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын демилгесинен кийин ачылган сегизинчи тейлөө станциясы. “Айыл банк” аркылуу 6 млн сомго 11 шайманы менен беш трактор лизингге алып келинген. Аны менен бирге жергиликтүүлөрдүн беш трактор, эки комбайны кошулуп, МТС ачылды.

МТС түзүүнүн максаты - элге арзан баада кызмат көрсөтүү, бош жаткан жерлерди кайра иштетүү жана эгиндерди өз убагында эгип, жыйноо болуп саналат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын маалымат катчысы Наргиза Мансурованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Куршаб” МТСи Өзгөн районунун аймагында жайгашкан беш айыл өкмөттү тейлейт.

Бүгүнкү күндө “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан жана өкмөттүн буйругунун негизинде жалпысынан болуп, өлкө аймагында 33 айыл чарба техникаларын тейлөөчү станция иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG