Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Астана чек арадагы фитосанитардык көзөмөлдү алышы мүмкүн

Бодо мал.
Бодо мал.

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт аракеттерди жасады. Бул маселе 27-октябрда Минскиде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында да көтөрүлөт.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл пункттары алынышы керек эле. Тийиштүү чечим 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган. Исаевдин ырасташынча, Казакстан базардагы атаандаштыктан улам аны аткарбай келатат. 

Быйыл 4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы 10 күн ичинде фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин карап чыгууну казак өкмөтүнө сунуштаган. 

XS
SM
MD
LG