Президенттик аппарат Конституциянын түп нускасынын жоголушуна байланышкан баяндама таратты. Алты барактан турган маалыматта 2010-жылкы Конституциянын бирдиктүү текстине бир дагы жооптуу адам кол койбогону тууралуу айтылат. Конституциянын долбоорун даярдоого, аны талкуулоо ишин уюштурууга, жарыялоого Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жооптуу болгону баяндалат.
Баяндамада 2010-жылкы Конституция кантип кабыл алынганы хронология түрүндө кенен көрсөтүлөт.
“2010-жылдын 19-майында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева референдум өткөрүү жөнүндө декретке кол койгон. Ал документте кабыл алынган Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндө мыйзам кол коюуну талап кылбай турганы жазылган. Конституциянын текстине ким жоопкер болору аныкталбай калган”, деп белгиленет президенттик аппараттын маалыматында.
Президенттик аппараттын өкүлү Алмаз Үсөнов:
-Баяндамада көрүнүп тургандай, Конституцияны кабыл алуу жараяны катачылыктар менен коштолгон. Кетирилген кемчиликтер 11-декабрда Референдум өткөрүү жолу менен оңдолушу мүмкүн. Жаңы редакцияда мамлекет башчыга өзгөртүүлөр боюнча мыйзамга кол коюу гана эмес, аны жарыялоо милдети да жүктөлөт,- деди.
Баш мыйзамдын түп нускасы жок экенине байланыштуу өткөн аптада талаш жаралган. Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов 2010-жылы референдумдан соң “Эркин Тоо” гезитине басылган редакция түп нуска болуп саналарын, алты жылдан бери эл гезиттеги Баш мыйзам менен жашап келгенин билдирген.