Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Тажикстан: "Улут көсөмүнүн" жаңы наамы


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажик парламенти президент Эмомали Рахмонду эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяды.

Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президентке кошумча артыкчылыктар да берилмей болду. Оппозициячыл көз караштагы саясатчылар бул чечимди сынга алууда.

Рахмон Тажикстандын негиздөөчүсү атыкты

Эмомали Рахмонго көз карандысыз Тажикстандын негиздөөчүсү деген наамды ыйгарган мыйзам долбоорун тажик парламенти шаршемби күнү жактырды. “Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми президенттин өзүнүн фонду, ордени жана сыйлыгы түзүлөт.

Ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги майрамдык иш-чараларда, өкмөттүн жана парламенттин жыйындарында “Улут көсөмү” үчүн бардык байланыш каражаттары менен камсыздалган өзгөчө орун даярдалышы керек болот.

Тажик парламенти
Тажик парламенти

Бул өзгөртүүлөр тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрт депутатынын демилгеси менен кабыл алынып, натыйжада “Улут көсөмү жөнүндө” былтыркы мыйзам үч беренеге көбөйдү жана ага конституциялык деген макам да ыйгарылды.

2015-жылдын акырында кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, Эмомали Рахмон президенттик кызматтан кеткенден кийин өзүнүн, үй-бүлөсүнүн кол тийбестиги корголот.

Тажик парламентинин депутаттары президентке артыкчылык берген мыйзамды оңой эле колдогону менен айрым саясатчылар бул чечимди сынга алууда. Алардын бири Тажикстандын оппозициячыл көз караштагы Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Шакиржан Хакимов:

- Тажикстандын эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алуу учурунда Эмомали Рахмон кадыресе эле депутат болчу. Ал керек болсо кайсы бир комиссиянын же комитеттин жетекчиси же парламенттин төрагасы эмес эле. Мындан улам аны көз карандысыз Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыялоо ката болуп саналат жана ага эч кандай негиз жок.

Былтыр Озода Рахмон Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары кезинде атасынан сыйлык алган.
Былтыр Озода Рахмон Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары кезинде атасынан сыйлык алган.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шүкүржан Зухуров болсо мыйзам жеке бир адам эмес, президенттин макамы жөнүндө экенин эскертти.

Рахмондун сын менен коштолгон бийлиги

90-жылдардын башында жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды Эмомали Рахмон дээрлик 25 жылдан бери башкарып келет. Аны даңазалаган же ага сый көрсөтүүнү көздөгөн иш-чаралар Тажикстанда байма-бай өтөт.

Маселен, “Улут көсөмү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жыл башынан бери Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларында Рахмон тууралуу сабактар өтүлө баштаган. Мындан тышкары жазында парламенттин төмөнкү палатасы өкмөттүн 16-ноябрды “Президенттин күнү” деп белгилөө демилгесин колдогон.

Быйыл май айында Тажикстан Баш мыйзамын өзгөртүп, президент Эмомали Рахмондун бийликте каалашынча калуусуна жол ачылган. Конституциянын өзгөрүшү менен президенттикке талапкердин курагы да 35тен 30га түшкөн.

Саясат талдоочулар бул өзгөрүү Рахмондун тун уулу Рустамини президенттин мураскоруна айлантат деп билдиришкени бар. Себеби 2020-жылы өтчү президенттик шайлоодо Рустами Эмомали 33кө толуп, кааласа президенттик талапкер боло алат. Жазында Рахмондун кызы 38 жаштагы Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына депутат болуп шайланды.

Деген менен президентине артыкчылык берилип, анын бийлиги бекемделип жаткан бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет. Жакында “Хьюман Райтс Уотч” уюму жана Хельсинки комитети Тажик бийлиги оппозициялык көз караштагы адамдарды өлкө ичинде да жана сыртында да бутага алып жатканын билдиришти. Укук коргоочулар Тажикстандагы адам укуктары соңку жыйырма жылдагы эң терең кризиске кептелгенин айтышып, керек болсо өлкөгө санкция киргизүү зарылдыгын белгилешкен. Бирок Тажикстандын бийлиги дооматтарды четке кагып, өлкөдө саясий куугунтук жок деп билдирип келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG