Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин бул уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешине Орусия мүчө болбой калганына байланыштуу нааразылык билдирип, келерки жылы бул орун сөзүз кайра тиерин убада кылды.
"Бизге тыныгуу керек" деди Чуркин 28-октябрда БУУдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин.
Жума күнү Адам укуктары боюнча кеңештин жаңы курамына добуш берүү жүрүп, Орусия Хорватия менен Венгриядан азыраак добуш алып, келерки бир жылга мүчөлүк укуктан ажырап калган. БУУга мүчө 193 өлкөнүн арасынан Венгрияга 144, Хорватияга 114, ал эми Орусияга 112 добуш тийген.
Орусиянын бул уюмдагы мүчөлүк мөөнөтү жыл аягында токтойт.
Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Орусияны сынга алып келет. Ал эми орус бийлиги ага карата чечимди эл аралык мамилелердин абалына байланыштырууда. (RK)