Бүгүн Бишкекте, Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында TEDx "Мүмкүнчүлүккө жол" деп аталган эл аралык конференция өттү. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы "Айкын багыт" коомдук фонду менен бирге уюштурду.
Технология, дизайн, илим, бизнес, өнүгүү жаатында ийгиликке жеткен, башкаларга өрнөк боло алчу инсандар менен жолугушуу форматындагы мындай конференциялар глобалдык масштабда жыл сайын уюштурулат.
Бүгүнкү иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянова, "Көчмөн" коомдук фондунун жетекчиси Улан Үсөйүн, медиа боюнча эл аралык эксперт Гүлнура Төралиева, антрополог Алтын Капалова жана башкалар катышып, тажрыйбасы тууралуу студенттерге жана конференциянын конокторуна айтып беришти. (RK)