Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

АКШ Стамбулдагы дипломаттарына Түркиядан чыгып кетүүнү буйруду


Стамбул
Стамбул

АКШ Стамбулда иштеген дипломаттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Түркиядан чыгып кетүүнү буйруду. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти мындай чечимин Стамбулда жашаган америкалык жарандар экстремисттик топтордун негизги максаттарынын бири болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Бул буйрук Стамбулдагы консулдукта иштегендерге гана тиешелүү.

Консулдук өзү Түркиядагы башка америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөр сыяктуу эле кадимки тартипте иштөөдө.

24-октябрда АКШ бийлиги өз жарандарына Түркиянын түштүк-чыгышына барбоону эскерткен.

Быйыл июль айында мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калган Түркияда тартип эрежелери катуулаган. НАТО боюнча өнөктөшү АКШга каршы маанай да күч болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG