Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

ФБРге Клинтон боюнча маалыматты ачык жарыялоо талабы коюлууда


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Клинтонго байланыштуу жарыялаган жаңы билдирүүсүнөн улам чыңалуунун чордонунда калды. ФБРдин директору Жеймс Коми 28-октябрда, шайлоого 11 күн калганда Хиллари Клинтондун Мамлекеттик катчы болуп турган кездеги жеке электрондук почтасына байланыштуу иликтөө боюнча жаңы маалымат пайда болгонун жарыялаган.

Демократиялык партиядан талапкер Клинтон буга байланыштуу камтамасын билдирип, ФБРди бардык маалыматты ачык айтууга чакырган жана шайлоочулар ар бир факт боюнча толук маалымат алууга укугу бар экенин эскерткен.

Ал эми анан атаандашы, республикачы Доналд Трамп Клинтондун электрондук почтасына байланышкан окуя мурдагы президент Ричард Никсондун Уотергейт чатагынан бери АКШ тарыхындагы эң ири саясий чуу болуп калганын айтты.

Быйыл июль айында Клинтон 2009-2013-жылдары Мамлекеттик катчы кызматын ээлеп турганда айрым жашыруун каттарды электрондук почта аркылуу жумуш дарегинен эмес, жеке серверинен жөнөткөнү аныкталган. Бирок атайын иликтөө жүргүзгөн ФБР аны кылмыш жообуна тартууга негиз жок деген бүтүм чыгарган.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG