Молдовада бүгүн соңку 20 жылдан бери алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо өтүүдө. Негизги атаандаштар - өлкөнүн Европа биримдиги менен интеграция болушун колдогондор жана Орусия менен байланышты бекемдөөнү жактагандар.
Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, Социалисттер партиясынын төрагасы, парламент депутаты, 41 жаштагы экономист Игор Додон алдыда келатат, бирок ал биринчи турда тиешелүү добуш топтой алышы күмөн экенин сеперчилер айтууда.
Ал Молдованын евроинтеграциясы боюнча 2014-жылы Кремлдин каршылыгына карабастан кабыл алынган ассоциациялык келишимди токтотууга аракет көргөн саясатчылардын бири.
Додондун негизги атаандашы - мурдагы билим министри, "Аракет жана тилектештик" партиясынын лидери Майя Санду Европа биримдигине мүчө болуу үчүн реформаларды жүзөгө ашырууну жактап келет.
Молдова Европадагы эң кедей, коррупция күч алган мамлекеттердин бири. 1996-жылдан бери бул өлкөдө президентти парламент тандачу. (RK)