Түркиянын Чорум шаарында грек-рим күрөшүнөн студенттер арасында өткөн таймашта Каныбек Жолчубеков жана Эсен Асанов алтын медаль алып, дүйнө чемпиону болушту.
Жолчубеков 59 килограммга чейинки салмакта финалда ирандык балбан менен күрөшүп, 7:2ге утту. Эсен Асанов болсо 75 килограммга чейин салмакта мыкты натыйжа көрсөтүп, финалда польшалык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты кабарлады.
25-октябрда башталган таймаштар 30-октябрда жыйынтыкталды. Ага кыргызстандык балбан кыз Мадина Надирова да катышып, 48 килограммга чейин салмакта коло медал утту. (SE)