Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Өзбекстанда шайлоо алдындагы үгүт башталды


Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрда президенттикке талапкерлер катталып бүткөнүн жарыялады. Эреже боюнча ошол күнү үгүт иштери башталды.

Расмий кабарларга ылайык, президенттикке төрт адам ат салышууда. Алар: Либерал-демократтар партиясынан Шавкат Мирзиёев, “Улуттук кайра жаралуу” (Миллий тикланиш) партиясынан Сарвар Отамуродов, “Халк” (Эл) демократиялык партиясынан Хотамжон Кетмонов жана “Адолат” (Адилет) Социал-демократиялык партиядан Наримон Умаров.

Алардын ар бирине “Узбекистон” жана “Ёшлар”телеканалдарынан 638 мүнөт, жергиликтүү телеканалдардан 206, “Ташкент” телеканалынан 286 мүнөт эфир бөлүндү. Андан тышкары, гезит-журналдарда үгүт макалаларды басышса болот.

Президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG