Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жети-Өгүз: ишкерлер мектеп ачышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында "Кут билим" окуу-тарбия комплекси ачылды. 250 орунга эсептелген мектепти ЖИА жаш ишкерлер ассоциациясы ачты. Быйыл 60 бала билим алып жатат. Ага 7-классты аяктаган эркек балдар гана кабыл алынууда.

ЖИА ассоциациясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, тарбия комплекси эч кандай диний багытты карманбайт, кыргыздын тарбиялык каада-салтын жайылтууга басым жасайт. ЖИА ассоциациясы мектепти ачууга 13 миллион сом сарптаган. Андан тышкары келерки жылы Каракол шаарында кыздар үчүн мектеп ачыла турганын билдиришти. Учурда мындай окуу жайы Чүйдүн Байтик айылында иштеп жатат.

16x9 Image

Асеин Маданбеков

"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG