Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

Бишкекте акын Алым Токтомушев эскерилет

Алым Токтомушев.
Алым Токтомушев.

Белгилүү публицист, акын, журналист жана жазуучу Алым Токтомушевди эскерүү иш-чарасы 3-ноябрда Бишкектеги Улуттук консерваторияда өтөт. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштуруп жатат. Аталган фонддон кабарлашкандай, эскерүү кечесин Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев алып барат. Маркумду калемдештери, замандаштары жана шакирттери –Эсенбай Нурушев, Айылчы Сарыбаев, Жаныш Кулмамбетов, Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир жана башкалар эскерип, сөз сүйлөшөт. Ошондой эле анын сөзүнө жазылган ырлар аткарылып, Токтомушевдин "Балдарга базарлык" китебинин бет ачары да болот.

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары” жана "Ачылбаган дүйнө" аттуу китептери жарык көргөн. Ошондой эле ал Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган. Алым Токтомушевдин көзү өткөнүнө быйыл эки жыл болду. (NT)

XS
SM
MD
LG