3-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган саммитке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары толук келе турганын ырасташты. Жыйынга Өзбекстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Гүлкайыр Балбаева маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, жыйында өз ара кызматташтыкты жакшыртуу, мындан аркы иштердин мерчеми боюнча 10го чукул документке кол коюлат.
Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Орусия, Кытай, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө. (NT)