Түркия бийлиги оппозициячыл “Жумхуриет” гезитинин башкы редакторун камакка алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары 31-октябрда кабарлашты. Өз сайтында “Жумхуриеттун” башкы редактору Мурат Сабунчу менен гезит кабарчысы Гура Өз коопсуздук кызматтары тарабынан үйүнөн камакка алынганын ырастады.
Стамбулдун прокурору гезиттин редакциясы жана аны негиздеген “Жумхуриет” фонду күрт согушкерлери жана бозгундагы динаятчы Гүлен менен байланышы бар деп шектелип, иликтөөгө алынганын билдирди.
Соңку жума ичинде ондогон маалымат каражаттары, негизинен күрт медиалары жабылды. Он миңдеген адамдар кызматтарынан четтетилди. Алар АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен куугунтукталууда. Анкара Гүленди июль айындагы төңкөрүш аракетинин артында турат деп айыптап, Гүлен бул дооматтарды четке кагып келет.
“Жумхуриеттин” мурдагы редактору Жан Дундар алты жылга абакка кесилген. Ал Сириядагы түрк бийликтеринин аскер операцияларына байланыштуу мамлекеттик сырды жарыялаганы үчүн айыпталган.
Түрк бийлигинин мындай чечимин Батыш өлкөлөрү кескин айыптап, Түркиядагы адам укуктары боюнча абал кыйла начарлап кеткенине тынчсыздануусун билдиришкен.