Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы ачылды


"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын ачылышы.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын ачылышы.

Бишкектеги "Манас" кинотеатрында адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы башталды. Анын ачылышында "Азаттык" радиосунун тарыхына арналган тасма көрсөтүлүп, адам укугун коргоо, демократияга кошкон салымы белгиленди. "Бир дүйнө" эл аралык фестивалынын сыйлыгын чехиялык One world уюмунун өкүлү тапшырды. Ачылыш салтанатында 27-августта Москвада басмаканадагы өрттө каза тапкан он жети кыргызстандык кыз-келинди эскеришти.

Жыл сайын өткөн фестиваль 4-ноябрга чейин уланат. Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналган фестивалда чет элдик жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм көрсөтүлөт. “Азаттыктын” кабарчылары тарткан төрт даректүү тасма катышууда. Бишкектеги “Манас” кинотеатрында тасмалар акысыз көрсөтүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG