Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды өлтүргөн шектүү кармалды


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 27-октябрда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Кожояр айылынын киши колдуу болгон 19 жаштагы жашоочусунун сөөгү табылган.

Кылмышка шектүү кармалып, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну болуп чыккан. Маалыматтарга караганда, маркум кылмышка шектүү менен интернет аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Жолугушкандан кийин кыз жактырбай коюп, буга арданган бала аны 11 жолу бычак менен сайып өлтүргөн деген божомол бар. Азыркы учурда тергөө уланууда. (AsM)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG