Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:17

Атамбаев: милициянын мурдагы жетекчилери Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 31-октябрда Бишкекте милиция кызматкерлерине жаңы курулган батирлерди тапшырган учурда билдирди. Ал жети жыл мурун милиция, УКМКда жемкорлук гүлдөп, бул органдардын башчылары президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүүгө катышканын эске салды. Азыр өлкө мындай көрүнүштөрдөн бир топ арылганын, күч органдарынын кызматкерлерине шарт түзүү аракеттери уланарын айтты.

- Ал кезде милициянын чоңдору сатылып, каралар башкарып турган кез болчу. Бул көрүнүштөр болгону 6-7 жыл мурун болгон. Азыр баары революциянын "атасы" болуп бакылдап сүйлөп жатат.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны менен кошо айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана аналитик Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Аламүдүн капчыгайынан табылган. (NT)

XS
SM
MD
LG