Нидерланддарда исламга каршы чыгып келген саясатчы Герт Вилдерстин соту башталды. Ага "жек көрүүчүлүктү тутандырган жана бөлүнүп-жарылууну козуткан" деген айыптар тагылууда.
Вилдерс өзү сот жараянына келген жок.
"Эркиндик" партиясынын лидери Герт Вилдерс Амстердамдын жака белиндеги Схипхол шаардык сотунда карала турган процесске келбестигин буга чейин эле айткан. Ал бул сот жараянын мартта өтө турган парламенттик шайлоо алдындагы анын саясий ролун басаңдатуу үчүн, ага каршы багытталган иш катары баалаган.
Вилдерске каршы айыптоолор 2014-жылдын март айындагы митинг учурунда Нидерландарддагы марокколуктардын санын азайттуу тууралуу айткан сөздөрү үчүн коюлган.
Өкүм декабрь айында чыгарылары күтүлүүдө. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, бир жылга эркинен ажыратылып, 7400 евро көлөмүндөгү айыппул төлөөгө аргасыз болот.
Ал бир нече ирет исламды сынга алып, Нидерланддардагы бардык мечиттерди жабууга үндөп келген.