Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Өкмөт башчы ашуулардагы жол тазалоо ишин сындады


Бишкек-Ош жолундагы кар тазалоо.
Бишкек-Ош жолундагы кар тазалоо.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков ашуулардагы жолдордо кар тазалоо иштери начар жүрүп жатканын сынга алды. Дүйшөмбүдө кыш мезгилине даярдык боюнча Республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчы кышкысын жолго кумдун ордуна шагыл төгүп жатканын билдирди. Ошондой эле асфальтты жана унаалардын дөңгөлөгүн буза турган материалдар да себилип жатканын белгиледи.

Андан тышкары, аба ырайы начарлаган кезде ашуулардагы тыгынды болтурбоо - жолду көзөмөлдөгөн адистердин милдети экенин кошумчалап, өзгөчө кырдаалдарга алдын ала ыкчам даярдык көрүүнү тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG