Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Ливанда 81 жаштагы Мишель Аун президент болуп шайланды


Ливандын жаңы шайланган президенти Мишель Аун
Ливандын жаңы шайланган президенти Мишель Аун

31-октябрда ливан парламенти көпчүлүк добуш менен президенттикке “Эркин патриоттук кыймылы” партиясынын талапкери Мишель Наим Аунду колдошту.

Ливан президентин шайлоо кырк алтынчы жолку аракеттен кийин ишке ашты. 2014-жылы мурдагы президент Мишел Сулайман отставкага кеткени парламент кворумдун жоктугунан өлкө башчысын тандоону кырк беш жолу жылдырган.

Президентти шайлоо өлкөдөгү мусулман жана христиан партияларынын ортосундагы талаш-тартыштардан улам көпкө созулду. Аунду мусулманчылыктын шиит агымын карманган “Хезболла” уюму колдоду. Бул уюм бир катар Батыш өлкөлөрүндө, Араб мамлекеттеринин лигасына мүчө өлкөлөрдө жана Египетте террористик деп таанылган. Ал эми Аунга сунни агымындагы “Келечек кыймылы” каршы чыккан. Алар бул ирет өз талапкери, Ливандын мурдагы премьер-министри Саад Харири кайрадан өкмөт башчы болот деген шарт менен сүйлөшүүгө макул болушту.

Аун АКШда жана Францияда аскерий билим алган. 1988-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында өлкө армиясын жетектеп турган Аун өзүн президент атап алган. Эки жылдан кийин ал сириялык аскерлердин чабуулунан соң Францияга качууга мажбур болуп, мекенине 2005-жылы гана кайтып келген.

XS
SM
MD
LG