Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

Ирактын премьер-министри ИМди багынып берүүгө чакырды


Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади Мосул шаарын кармап турган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун багынып берүүгө чакырды.

Бул тууралуу аскерий форма кийген Абади 31-октябрда Ирак телеканалы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө айтты.

- Кудай буюрса биз жыландын башын кесебиз. Алар эч кайда кача алышпайт. Алар же багынып бериш керек, же өлүшөт,- деди Абади.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, ирак күчтөрү эки аптадан бери уланып жаткан Мосулду экстремисттерден тазалоо операциясынын алкагында шаардын чыгышындагы согушкерлердин коргонуу пунктун жок кылышты.

Ирактагы экинчи ири шаар Мосулду алуу операциясы бир нече жума, атүгүл бир нече айга созулушу мүмкүндүгүн аскерий командирлер буга чейин эскертишкен. Мосулду “Ислам мамлекети” радикал уюму 2014-жылы басып алган.

XS
SM
MD
LG