Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Азимжан Аскаровдун соту уланууда


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүп жаткан жараянда күбөлөр, жабырлануучулар көрсөтмө беришүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Азимжан Аскаровдун туугандарынын сотко катышуусуна каршы чыгышты. Адвокаттар айыпталуучунун жакындарын күбө катары суроо тууралуу өтүнүч келтиришкен. Мамлекеттик айыптоочулар Аскаровдун жакындарынын көрсөтмө бериши мыйзамга каршы келерин айтууда. Сот тараптардын талаптарын угууда.

Буга чейин Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Октябрдын башында ишти Чүй облустук соту кароого киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG