Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:36

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, сот укук маселелери жана регламент боюнча комитети Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун бүгүн үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоордо референдумду 11-декабрга белгилөө сунушталган. Ага комитетке мүчө тогуз депутаттын сегизи "макул", бирөө "каршы" деген добуш беришти. Кыргызстанда 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG