Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов коалиция түзүү үчүн премьер-министрликти сурап жатат деген маалыматтарды четке какты. Муну ал 1-ноябрда Жогорку Кеңеште журналисттер алдында билдирди:
- Бул жалган сөз. Премьер-министрлик, агенттик болобу... Мындай кеп болгон эмес.
Бабанов коалиция куроо маселесин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен 31-октябрда талкуулаган. Анын айткан талаптарын социал-демократтар таразалап көрүүнү чечкен. Бирок, кандай сунуштар коюлганы ачык айтыла элек. Буга чейин Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылык кызматка барууну көздөп жатканы тууралуу сөз тараган болчу.
24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик бузулган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин кайра эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (NT)