Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Элдик табып Зайналиев өзүнө тагылган айыптарга макул эмес


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Рак илдетине чалдыккандарды өз алдынча дарылаган элдик табып Ашым Зайналиев 1-ноябрда маалымат жыйын куруп, өз дарегине айтылган айыптарды четке какты. Ал айыккыс илдетти дарылоонун жаңы ыкмасын тапканын жана Саламаттык сактоо министрлигинен лицензия албай турганын билдирди. Жыйынга Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы табыптын менчик клиникасында дарыланып жаткан бейтаптар да катышып, Зайналиевге кысым көрсөтүлүп жатат деген ойлорун ортого салышты.

Быйыл 5-июлда Зайналиевдин клиникасынын 56 жаштагы эмчек рагы менен жабыркаган аял көкүрөгүн ампутация кылдыргандан кийин каза тапкан. Адам өмүрүн алган окуядан кийин Ички иштер министрлиги кылмыш ишин ачып, Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзгөн. Өткөн аптада министрлик аталган менчик клиниканы жабуу аракетин көрүп, бирок бейтаптар Онкология борборуна которулуудан баш тартышкан. Клиникада 4-стадиядагы рак менен ооругандар дарыланышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG