Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кремль Британиянын башкы чалгынчысынын сөзүн четке какты


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремль Британиянын чалгындоо кызматынын (MI5) башчысы Эндрю Паркердин “Орусия киберчабуулдар сыяктуу агрессивдүү аракеттери менен Европага коркунуч туудуруп жатат” деген билдирүүсүн четке какты.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Британ тараптын бул билдирүүсү чындыкка дал келбейт деп билдирди.

“Кимдир бирөө далилди көрсөтмөйүнчө, мындай билдирүүлөрдү негизсиз деп эсептейбиз”,-деди Песков.

Эндрю Паркер “Гардиан” гезитине маегинде “Орусия тышкы саясатын алдыга сүрөө үчүн мамлекеттик органдардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, пропаганда, тыңчылык жана киберчабуулдар сыяктуу агрессивдүү кадамдарга барып жатканын” айткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG