Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

БШК партияларга кайрылуу жолдоду


Шайлоо.
Шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге ат салышууну көздөгөн партияларга кайрылуу жолдоду. Анда жарнамалык иштерден алыс болуу жана көчөлөрдөгү баннерлерди тазалоо маселеси көтөрүлгөн.

31-октябрда жолдонгон кайрылууда айтылгандай, парламенттик шайлоо учурундагы жарнамалар көчөлөрдө дагы эле турат. Ошол партиялар шаардык кеңештерге да ат салышып жаткандыктан, эски жарыялар да үгүт болуп эсептелет. Мурун илинген жарнамалардын өңү өчүп, жыртылган болсо да реклама болуп саналат. Андыктан беш күн аралыгында анын баарын тазалоо зарыл.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Эреже боюнча, үгүт иштери туура бир ай мурун башталышы керек. (SE)

XS
SM
MD
LG