Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Депутат “акаевчи, бакиевчи” деп каралоону токтотууга чакырды


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев аткаминерлер арасында бири бирине “акаевчи, бакиевчи” деп көө жабууларды токтотууга чакырды. Эл өкүлү бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып, тактыдан кулатылган эки президент менен иштешкен адамдар азыр ар бир партияда бар экенин, ошондуктан атаандаштарга жалаа жабуулар суу кечпестигин белгиледи:

- Өнүгүп-өсүүгө, милицияда, сот тармагында реформа жасоого Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? Же алардын кадрлары “өнүкпөгүлө, өспөгүлө” деп колубузду кармап жатышабы? Алдыга карай жылбайлыбы! Артка карай бергенден пайда жок. Конституцияны өзгөртүү маселесинде идеялардын күрөшү зарыл. Ага каршы чыккандарды чукуп, дароо кылмыш ишин козгогон туура эмес. Анда аларга эмне үчүн мурда кылмыш ишин ачкан эмессиңер?

20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” ишканасы курган Бишкектеги спорт комплексинин ачылышында Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандарды сындаган. Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылардын көпчүлүгү Курманбек Бакиевдин командасында болгон деген.

Президент "Бир болдун" депутаттарын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Ошондой эле Жанар Акаев Кыргызстандагы мамлекеттик телеканалдар журналистиканын эрежелерин сактабай жатканын сындап, бир тараптуу маалымат берүү туура эместигин айтты.

Мамлекеттик каналдарда оппозициячыл кишилердин ойлору берилбей жатканы да коомчулукта улам-улам нааразы ойлорду жаратат. (SE)

XS
SM
MD
LG