Москва шаарынын бийлиги Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун кеңсесин эч кандай түшүндүрмө бербестен жаап, мөөр басып кетти. Уюмудун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сергей Никитин "Азаттыкка" билдиргендей, ал өзү жана кызматкерлери жумуш ордуна кире алышкан жок. Түн ичинде эшикти кимдир бирөөлөр күч менен ачып, кулпуларын алмаштырган. Никитин ал кеңсени 20 жылдан ашуун убакыттан бери Москванын Мамлекеттик мүлк департаментинен ижарага алып келишкенин, акысын ар дайым өз убагында төлөшкөнүн айтты.
Акыркы бир нече жылдан бери чет өлкөлөрдөн каржыланган жана Кремлди сындаган укук коргоо уюмдары Орусия бийликтеринин катуу кысымына туш болуп келет. 2012-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык сырт жактан каражат алган жана саясий ишмердик менен алектенген бейөкмөт уюмдар “чет мамлекеттик агент” катары каттоодон өтүүгө тийиш. Ал эми жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары ал жобо көз карандысыз добуштарды басуу үчүн киргизилгенин айтышууда.