Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

АКШ менен Түркия Ракканы бошотуу стратегиясын талкуулоодо


Американын коргоо министри Эштон Картер.
Американын коргоо министри Эштон Картер.

АКШ менен Түркия Сириянын Ракка шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу маселесин талкуулап жатканын Американын коргоо министри Эштон Картер билдирди.

Ал Ракканы бошотууда Түркиянын ролу кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөр уланаарын белгилеп, күрт күчтөрү да согушкерлердин Сириядагы очокторун тазалоого жооптуу болоорун айтты.

Бирок АКШ расмийлери улут аралык араздашууларды алдын алуу үчүн араб күчтөрү шаарды ала турган негизги топ экенин билдирүүдө.

Буга чейин Түркия Ирактын Мосул шаары бошотулгандан кийин ИМ тобунун Сириядагы чордону саналган Ракка шаарын тазалоо зарылдыгын белгилеген.(KKs)

XS
SM
MD
LG