Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Орусия допинг мыйзамын катаалдаштырууда


Орусиянын Мамлекеттик Думасы спортчуларды кызытма колдонууга шыктандырган адамдарды жоопко тартуучу жаңы мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзам күчүнө кириши үчүн парламенттин жогорку палатасынын жана президент Владимир Путиндин колдоосу керек.

Жаңы жоболорго ылайык, кызытма колдонууга жол берген спорт расмийлери же машыктыруучулар бир жылга эркинен ажыратылып, 300 миң рублдук айыпка жыгылышы мүмкүн.

Мындай чаралар Орусиянын атлетика боюнча курамасы жана параолимпиада командасы допинг жаңжалынан улам Риодогу олимп оюндарынан четтетилгенден кийин көрүлүүдө.

Москва дооматтарды четке кагып, допингге каршы чараларды күчөтөөрүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG