Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Сооронбай Жээнбеков Ош облусун кыдырат 


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда жумушчу сапары менен Ош облусуна жөнөп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунун Жоош айылындагы орто мектептин ачылышына катышат, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2» долбоорунун алкагында жайыт пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырат. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Жээнбековдун аймактагы сапары бүгүн эле аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG